super.kg logo

"Электрондук нотариус" маалыматтык системин ишке берүүгө даярдык көрүлүп жатат

 

"Электрондук нотариус" маалыматтык системин ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Электрондук нотариус" маалыматтык системи иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын жүктөмүн азайтууга, алардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган.

"Учурда жарандар жана уюмдар нотариустук, айрыкча коммерциялык кыймылсыз мүлктү сатып алууга же сатууга байланыштуу кызматтарды пайдаланууда ыңгайсыздыктарды сезишет. Ар кандай агенттиктерден алынган зарыл документтерди бергенден кийин алар кыймылсыз мүлктүн актуалдуу макамы тууралуу расмий маалымат алуу үчүн нотариустук кеңселер мамлекеттик каттоо бюросу менен байланышканча күтүшү керек. Баскычтуу аткарылган транзакциялардын санынын көптүгүнө байланыштуу, кардардын жана сатуучунун ортосунда нотариус аркылуу таризделүүчү келишимдерди жүргүзүү кыйла көп убакытты талап кылат", - деп жазылат маалыматта.

"Электрондук нотариусту" толук кандуу киргизүү үчүн өкмөттүн буйругу менен Юстиция министрлигине 7 миллион 300 миң сом бөлүнгөн.

20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде ишке киргизилген. Учурда толук кандуу жана комплекстүү иштөөсү үчүн системди тууралоо жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
07.11.2019. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ача бергиле кийин дагы кемчиликтерин иш арасында ондой бересинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: