Тышкы иштер министрлиги Тажик-Өзбек чек арасында болгон окуя боюнча: "Кыргыз тарап мындай актыларды айыптайт"
6-ноябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Айдарбеков Тажик-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы кол салууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. "Кол салуунун кесепетинен Тажикстан Республикасынын аскер кызматчылары тарабынан каза болгондор жана жабыр тарткандар бар.
Кыргыз тарап мындай актыларды айыптайт жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында региондун өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерине бекем колдоо билдирери белгиленди.
Тышкы иштер министри Тажикстан Республикасынын каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты", - деп жазылат маалыматта.




1 |