super.kg logo

Унаа ташуучулар: "ЕАЭБдин жоболорунун күчүнө кирүүсүн 3 жарым жылга узартуу керек"

 

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө автомобилдерди бажылык жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен 6-ноябрда автоунаа ташуучулар маалымат жыйын өткөрдү. Автоунаа ташуучулар 2019-жылдын аягында соңуна чыга турган бажылык жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген мөөнөтүн дагы 3 жарым жылга узартуу талабын коюшууда.

Автоунаа ташуучулар ассоциациясынын президенти Нурбек Турсунбаевдин айтымында, Кыргыз өлкөсү 2014-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгондон тартып, 5 жыл ичинде автоунаа алып кирилген автомобилдерди бажылык жол-жоболоштуруунун төлөмдөрүн орното алган жобо кабыл алган. 2020-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин орноткон бажылык жол-жоболоштуруунун төлөмдөрү күчүнө кире баштайт.

"2014-жылы ЕАЭБге мүчө болгондон тарта 5 жыл ичинде жеңилдетилген мөөнөт берилет экен. Биз бул убакытты туура эмес пайдаланып алыптырбыз. Азыр өкмөткө жана башка бийлик органдарына кайрылып, мына ушул бажылык жол-жоболоштуруунун мөөнөтүн узарталы деп жатабыз. Тажрыйба жүзүндө карай турган болсок, Арменияда бул жеңилдетилген бажылык жол-жоболоштурууну туура пайдаланып жатат, алардын бюджетине жакшы акча түшүп жатат", - деди Турсунбаев.






Унаа ташуучулар: "ЕАЭБдин жоболорунун күчүнө кирүүсүн 3 жарым жылга узартуу керек"

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
07.11.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ЕАЭБге киргенден кийин мамлекетибизде көп эле жылыш болду. Калк үчүн Орусия Казакстанда иштеп жашоо кыйла жеңил болуп калды.
07.11.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
altyn-kumush, окмотто иштейт окшойсун.
07.11.2019. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ЕАЭБге мучо болуп Кыргызстан Озубуздун мумкунчулукторду таптакыр толук колдоно албай жатабыз наборот баардык нерсе барган сайын кымбаттап жатат мунун пайдасын Бир Гана Россия горуп жатат
07.11.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондуктан ЕАЭБГе ойлонуп туруп кируу керек болчу да.
SUPER.KG видео
07.11.2019. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЕАЭБге кирбеш керек болчу. Мен мурда эле каршы болчумун! Анткени ЕАЭБдин пайдасын Россия менен Белорусия эле көрөт. Россияны Европа киргизбей бөлүп салгандан кийин айласы кетип Азияны өзүнө тартыш керек болгон. Россия менен Беларусиянын товарлары Евростандартка жооп бербейт ошондуктан бизге сатышат.
07.11.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жигули мине баштайт экенбизда орустар жеңилдик бербей калдыго.
SUPER.KG видео
08.11.2019. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар жыргатат укмуш болобуз деп комент жазгандар болду эле ЭАЕБке кирип жатканда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: