Бүгүн журналисттердин аянтчасынын ачылышы болот. Анда журналистиканын туусу сунушталат



Бүгүн, 7-ноябрда журналисттердин аянтчасынын ачылышы болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына демилге топтун башчысы, журналист Элнура Кулуева билдирди.
"Маалымат жана басма сөз күнүнүн урматына журналисттердин аянтчасын түзүп жатабыз. Ал жерде биздин маалымат, биздин жоопкерчилик, биздин көйгөй, биздин максат, биздин биримдик, биздин тилектер айтылышы керек. Бул аянтча эркин баарлашуу үчүн түзүлүп жатат. Бүгүн аянтчанын ачылышы куттуктоо менен ачылат. "Эркин-Тоо" гезитинин чыкканына 95 жылдын жүзү болду. Ушул күнгө чейин журналистиканын өзүнүн туусу, байрагы жок. Ошондуктан бүгүн журналистиканын ак түстөгү туусун сунуштайбыз. Калыстыктын туусу ак түстө болушу керек. Бул иш-чарага 100дөй журналист келип, куттуктоолорун, бири-бирине жылуу сөздөрүн айтышат", - дейт Кулуева.
Иш-чара Бишкек шаарында саат 11:00дө башталат.

