Орусияда Кыргыз жараны мурунку жетекчисин өлтүргөн деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылды (видео)
Орусияда 5-ноябрда жетекчисинин өлүмүнө айыпталган Г.У. аттуу 28 жаштагы Кыргыз жараны 10 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында 28 жаштагы Кыргыз жараны полиция кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Ал өзүнүн мурдагы жетекчисин өлтүргөн деген шек менен кармалган. Окуя 2018-жылы 28- октябрда Усть-Илимск шаарындагы “Трейд Экспорт” ЖЧКсынын аймагында орун алган. Ага ылайык, шектүү 24 жаштагы Кытай жаранын темир түтүк менен башка бир нече жолу чапкан. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Ал эми шектүү окуя болгон жерден качып кетип, кийин полиция кызматкерлери тарабынан Новосибирск облусунун аймагынан кармалып, камакка алынган. Тергөөдө окуя болгон жердеги дүкөндөн сатып алган бет кап жана темир түтүк табылган.
Шектүү буга чейин ошол ишканада иштеп, айлыгы мурда көрсөтүлгөндөн аз берилип калгандыктан, жумуштан чыгып кеткен. Анын бул кылмыш ишке баруусуна ушул маселе түрткү болушу мүмкүн экени айтылган. Сот аны күнөөлүү деп таап, жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өткөрүүсүн өкүм кылды.
Орусияда жетекчисин өлтүрүүгө айыпталган кыргыз жараны 10 жылга кесилди




1 |