Жумушчулардын айлык акысы 6 айдан бери төлөнбөй Жалал-Абад - Маданият жолунун курулушу токтотулду. Бул боюнча Транспорт жана жол министрлиги жооп берди
7-ноябрь күнү маалымат булактарында Жалал-Абад - Маданият авто жолунун курулушу токтотулгандыгы тууралуу маалымат тараган. Маалыматта жолду курууда эмгектенген жумушчулардын колдорунда эмгек келишимдери бар экенине карабай 6 айдан бери маянасынын төлөнбөй келгендиги айтылат. Жолду куруу милдети "Азвирт" компаниясы моюнуна алган.
Бул боюнча Транпорт жана жол министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов жолдун курулушу токтотулгандыгын тастыктап төмөнкүлөргө токтолду.
"Ал жерде азыр жумуш токтоп калган. Азыр Евразия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, каржылоо маселеси Финансы министрлиги менен сүйлөшүлүп чечиле турган болду. Аткарган жумушу боюнча жол куруучулар сертификаттарын бериши керек жана ошонун негизинде жумушчуларга акча төлөнүп берилет. Азыркы учурда ошол процесс жүрүүдө. Бул долбоор боюнча каржылоо такыр токтоп калган болчу. Каржылоо маселеси чечилсе эле курулуш кайра башталат", - деди ал.









1 |