Декларация: ЖКнын депутаты Роза Акназарова үйү жок депутаттардын катарында
2012-жылы ЖКнын депутаты Роза Акназарова 994 489 сом киреше тапса, анын 864 366 сому депутаттык маяна. Маалыматты эл өкүлү тапшырган декларациясында көрсөтүп, менчикте үйү жок экенин билдирди. Кыймылсыз мүлктөрү 6 сотых жер тилкеси, 173,7 чарчы метр жерди ээлеген батир жана 175,2 чарчы метрди ээлеген кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү. Акназарованын жакындары былтыр 108 000 сом киреше табышса, кыймылсыз мүлктөрү: 3 гектар жер тилкеси, 58,4 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 7 сотых жер тилкеси, 970 чарчы метр жерди ээлеген кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү. Алардын унаасы Тойота Ленд Крузер 100 (чыгарылган жылы көрсөтүлгөн эмес).
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















