super.kg logo

Америкалык жашоочу өлгөн курбусунан СМС билдирүү алды

 

7-ноябрдын таңында АКШнын жашоочуларынын телефонуна 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүндө жазылган куттуктоолор келген. Бул катачылыкты компьютердик техникалар боюнча иш жүргүзгөн "The Verge" америкалык сайты байкаган.

Маалыматка ылайык, СМС билдирүү жөнөткөндөрдүн көпчүлүгү алардын билдирүүсү убагында дарегине жетпей калганын билишкен эмес. Мындай маселе андроид, Apple колдонуучуларында жаралган. Америкалык уюлдук операторлору азыркыга чейин катачылыктын так себебин ачыкташкан эмес. Sprint (телекоммуникациялык байланыш) 7-ноябрга караган түнү оператор жаңыланганын маалымдады.

14-февралдагы билдирүүнү 9 айдан кийин алган америкалыктар жагымсыз жагдайга туш болгонун социалдык баракчаларына жазып чыгышкан. "Акыркы ай мен үчүн аябай оор болду. Жакын курбумдан айрылып, эми гана өзүмө келип баштаганда андан билдирүү келди. Алгач билдирүүнү окуганда баары түштөй, курбум тирүүдөй сезилип кетти. Курбумдун эски билдирүүсү экенин түшүнгөндө кайра жаратыма туз себилгендей кабыл алуу оор болду", - дейт интернет колдонуучу.

Ал эми jamie аттуу колдонуучу мурунку сүйлөшкөн жигитине каты эми жетип, кызыктай абалда калганын жазса, Барбара Колл июнь айында каза тапкан апасы тууралуу эжесинен "Апамдын абалы жакшы. Өзүн жакшы сезип калды", - деген кат келгенин айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.11.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жашоодо баары болот капа болбо,карындаш.
09.11.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обновление болгон окшойт, жаныланган дегенинер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: