super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Голливуд актёру роль жараткан "Арзуу менен Америкага" тасмасы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Санжар Юлдашев режиссёрлук кылган "Арзуу менен Америкага" тасмасы менен толукталды.

Бул тасмада америкалык актёр Марк Дакаскос, казак актрисасы Дина Тасбулатова, "Азия MIX" командасынын мурдагы оюнчусу Саламат Алиев жана башкалар роль жаратышкан. Драма АКШда, Казакстанда жана Кыргыз өлкөсүндө тартылган.

Продюсер Кубатбек Жолдошовдун айтымында, фильмдин АКШдан тартылган бөлүгү кыйынчылыктарды жараткан.

"Тасманы 2016-жылы тартып баштаганбыз. Бирок каражат жагынан аксап, тартуу иштери жарым жылга чейин токтоп калган учурлар болду. Тасманын АКШда тартылган бөлүгүндө кыйналдык. Анткени ал жактын мыйзамдарын жакшы билбейбиз да. Тартуу иштери жүрүп жатканда бизди полиция кармап, 8 саатка камап койгон. Уруксаты жок тартканыбыз үчүн 1 жарым миң доллар айып пул төлөп, эскертүү алып чыкканбыз. Унаада уктап калган түндөр, ачка болгон күндөр көп болду.

Тасма элге көрсөтүлгөндөн кийин кеткен чыгымдарды актаган жок. Анткени жергиликтүү кинотеатрларда 1 айга жакын эле көрсөтүлдү. Андан кийин алып салышты. Казак кинотеатрларында көрсөтүү пландалып, сүйлөшүлгөн. Бирок эмнеден улам билбейм, алар кайра баш тартып коюшту. Бул мен продюсерлик кылган биринчи тасма болгондуктан, тажрыйбам дагы, таанышым дагы жок болду", - дейт Кубатбек Жолдошов.

"Арзуу менен Америкага" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.11.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кейибе ушинтип бышасын. Кайра кайра ушундай фильмдерди тартсан акы бети кайтат. Бул жашоодо сынбаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: