ЭЛДИК ВИДЕО: Чоргосу көрүнбөгөн суу аккычты "Кудайдын кудурети" деген жаран талкууга алынды
Ош облусунун Кара-Суу районундагы чайканалардын биринин короосундагы чоргосу көрүнбөгөн суу аккычты белгисиз жаран видеого тартып алган. Видеонун автору чайкананын короосундагы суу тууралуу угуп, ишенбей өз көзү менен көрүү үчүн келгенин айтат.
"Кудайдын кудурети менен чоргосу жок эле нерседен суу чыгып жатат. Биз дагы укканыбызга ишенбей келгенбиз. Бирок Кудайдын керемети ушул экен, түтүгү жок эле суу чыгып жатат. Бул жерди тосмо менен курчап коюптур. Мунун көзгө көрүнбөй жүргөн ээси бар экен деп жатышат", - дейт автор.
Видео интернетке тарагандан кийин көпчүлүк колдонуучулар авторду билимсиз деп сынга алышкан.
"Суу агып жаткан чорго айнек сымал тунук болгондуктан көзгө көрүнбөйт", "Мага акча төлөп берсе "Кудайдын кудуретинен" бешти жасап бермекмин" жана башка пикирлерин интернет колдонуучулары калтырышкан.
Чайкананын короосундагы "өзгөчө" жасалга


Эртен кирип чыкпасамбы ушу))
Бизге эээми жеткени учун жанылык болуп атат)
Бул авторда ошол сыңары болуп атканго ...