super.kg logo

Жалал-Абаддагы Рахманжан айылындагы көчөдөн Бакиевдин ысымы алынат

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылган. Айыл өкмөтүнөн тургундар өз каалоолору менен көчөгө Бакиевдин ысымын ыйгарып алганын билдирген.

Бир нече сааттан кийин көчөгө ыйгарылган ысым алына турганы белгилүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы SUPER.KG порталына айтып берди.

"Жергиликтүү эл Ноокен районундагы көчөлөрдүн бирине өз демилгелери менен Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгарып алышкан. Ал демилгени жергиликтүү бийлик колдогон эмес жана эч кандай айыл өкмөт тарабынан, жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн эмес. Райондун акимине дагы бул тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Мындан тышкары, аталган ысым райондук, мамлекеттик каттоодон өткөн эмес жана каттоого дагы коюлган эмес. Мындан улам жергиликтүү райондук жана облустук бийлик аталган көчөгө мурдагы аталышты кайтаруу аракеттерин көрүп баштады. Келе жаткан дүйшөмбү күнү бул боюнча тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт", - деди басма сөз катчы Байгазы Раимкулов.

Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдыев бул боюнча төмөнкүдөй билдирүү жасады.

"Мыйзамсыз чыккан токтом артка кайтарылат. Бүгүн, 9-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынан Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурунку президент Курманбек Бакиевдин ысымы коюлду деген маалымат тарады. Көчөгө Бакиевдин атын ыйгаруу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан мыйзамсыз токтом чыккан. Токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысымын ыйгаруу боюнча маалымат райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Ал эми көчө башына орнотулган тактайча демонтаж болуп алынды", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(27)
09.11.2019. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эн туура,алынсын.
09.11.2019. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ал киши бир кочого аты коюлса татыктуу инсан. Алынбасын
09.11.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ээ манкурттар ал өз колу менен аткан эмес, бирөөнүн колу менен аткан, алдында жүргөн чимкириктердин колу менен аткан.
09.11.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ураа,алынганы жакшы болду.
09.11.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
путин бовогондо Акам президент болуп тура бермек
09.11.2019. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бакиев мыкты президент
10.11.2019. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Болду эми Бакиев макиев жомогунарды токтоткула. Андай эле жакшы корсонор Белороссияга жанына баргыла. Жакшы президент болсо 7-апрелде Ошко качып барганда элди экиге бөлбөйт болчу. Эмне деген ошондо билесиңерби? Аксакалдарды чогултуп алып бизди оштук, [moderated] деп жатат деп эң чоң жаңылыштык кылган
10.11.2019. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Патриот экенинерди корсоткунор келсе биринчи айылдын атын озгорткуло озбек чалыш кылбай. "Рахманжан"деп куйдуросунор да, кочонун аты бул жакта калсын айылдын атын озгортсонор эле канча кеп.
Glucke түзөттү 2019-11-10 00:59:30
10.11.2019. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бирок Бакиевди жаман деп АШАны алып келгендер 8жыл откондон кийин ит эле болдунар эркекче. Чычалабай акты ак деп картаны кара деп эркек болсонор боюнга алгыла. Убакыт ушундай кимдин ким экенин бакыйтып козуно сайып корсотуп койот.
KAYRATBEK түзөттү 2019-11-10 01:14:30
10.11.2019. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рахманжандыктар эркек экенсинер бирок. Мен Боготтон.
10.11.2019. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бакиев Бакиев жана Бакиев көчөсү жакшы эле койушкан экен.
10.11.2019. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бакиев Рашанын эмес СШАнын созун коп угуп эркин мамлекет болгусу келген. Путинге батыш мн байланышы коп мамлекеттин кереги жок болчу. Бакиев кетээри мн Ганси авиабазасын жаптырды Путин. Эми 89 адамды автомат кармап алып Бакиев аткан жок да, туурабы? Тонкорушту Рашанын планы мн кылган деген кепти туура эле кором. Бакиевдин заманындагы май-талкан жашоонун азыр бири дагы жок! Продукты, налог, бензиндин азыркы бааларын коргулочу Бакиевдин заманында бекер жашаган экенбиз дейсинер.
10.11.2019. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
60 тыйынга светти кымбаттаткан учун деген шылтоо мн которулуш чыкты а азыр свет бекерби?! Бакиевди алып келиш керек даже Акаевди дагы!
10.11.2019. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рахманжан айылына Бакиевдин атын бергиле. Айылдыктар кубанып калышсын чоң кичине дебей .
Altyn10076 түзөттү 2019-11-10 05:17:52
10.11.2019. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Талашпайлы достор андан көрө мамлекетке ар бир инсан пайда берели ыйман менен акылдуу билимдүү бололу ынтымактуу болсок береке ырыскы дөөлөттү сөссуз берет калганын убакыт өзү көрсөтөт
10.11.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соке тизгининди тарт!
10.11.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бакиев эң жакшы президент болгон, балдарыбыз китепти бекер алып калышкан эле мектептен эн бир жонокой эле мисал Атамбаевдин маалындачы сатып берип калдык. Бакиевдин убагында мектепте жаш балдарга бекер тамак берилчуу Атамбаевдин маалында тамак жаш балдарга жок болду.
Nargizab түзөттү 2019-11-10 14:42:45
10.11.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаевдин маалындагы Жалалабад ото мусоргө толуп кеткен Жээнбеков келди шаарыбыз тазаланып калды.
Nargizab түзөттү 2019-11-10 14:43:03
10.11.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nargizab,Жээнбеков барып кочонорду шыпырып берип атабы. Ал озунордон оаарды таза кармаш жергиликтүү бийликтин иштегенине жараша
11.11.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aimani,Жээнбеков келип шыпырып бербешин жинди адам дагы билсе керек ой жугуртчу аз болсо да ошол жергиликтуу бийликти жогору жактан козомолго алган учун шаар тазаланып калды.
11.11.2019. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nargizab,сырты жалтырак ичи калтырактан болуп атабыз го. Центр жакты эле көрктөндүрүп койгону болбосо башка жактарып карап көр мусор бактардан сыртка жайылып кеткен дайди иттер көп ужас
11.11.2019. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Liliia, Кошулам созуно мен болгону эки президенттин аз болсо да айырмасын айттым Атамбаевдин маалында ошол центр жерибиз да бардак болуп бир да тазалаган адамдарды корбогом азырчы аз да болсо тазаланып жумушчуларды да коруп калабыз тазалап жургонун мен болгону ушул нерсени жаздым
10.11.2019. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен билгенден Бакиев азда болсо татыктуу иштеди, Беркилерге караганда.
10.11.2019. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек экенсинер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: