super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы - Илим күнү менен куттуктады.

"Урматтуу окумуштуулар жана илимий кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар - Илим күнү менен куттуктайм! Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө. Мамлекетибиздин туруктуу, коопсуз өнүгүүсү жана глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болуусу үчүн илимдин ролу бийик.

Илимди жаңы деңгээлге көтөрүү менен экономикабызды жана социалдык чөйрөбүздү технологиялык жактан жаңылоону максат кылып, санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну көздөйбүз. Андыктан, илим адамынын коомдогу баркын көтөрүп, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө умтулабыз.

Сиздерге бекем ден соолук, жаңы илимий ачылыштарды каалайм!", - деп куттуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: