super.kg logo

Өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, туруксуз аба ырайы күтүлөт

 

10-14-ноябрда туруксуз аба ырайы орун алат. Айрым аймактарда кар жаап, жолдор тоңголок, тайгак болорун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

10-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

11-ноябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-ноябрда күндүз жана 13-14-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

15-ноябрда айрым райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 16-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: