super.kg logo

"Кыз-Бурак" тобунун 40 жылдык юбилейине 40 ырчы келди", - дейт Гүлшайыр Садыбакасова

 

Бүгүн, 10-ноябрь күнү Кыргыз Улуттук филармонияда "Кыз-Бурак" тобунун 40 жылдык юбилейлик концерти өттү. Концертке алып баруучулук милдетти Гүлшан Молдоева, Алмаз Касымалиев, Борончу Кудайбергенов, Айзада Жамгырчиева колго алышты. Алгач көрүүчүлөргө "Кыз-Бурак" тобунун тарыхын чагылдырган видео көрсөтүлдү. Андан соң топ түптөлгөндөн берки ырчылардан тартып, азыркы курамдагыларга чейин обон созушту. Кезинде "Кыз-Бурак" тобу музыкалык аспапта ойноп, жандуу ырдаган кыздары менен таанылып, өзгөчөлөнчү эмес беле. Топтун улуу муундагы ырчыларынын ырларды жандуу аткаруусу өткөн кезди эске салды. Ошондой эле топтон чыккан Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова, Асел Касымова, Айпери Сыдыкова, Жумагүл Райымжан кызы жана башкалар юбилей концертти көрккө бөлөштү.

"Бүгүнкү күнгө чейин топтон 350 кызды тарбиялап чыгардым. Концертке "Кыз-Бурак" тобунун ар курамында ырдаган жылдыздары бир-экиден келишти. Жалпысынан 40 жылдык юбилейге 40 ырчы катышты. Юбилейлик-концертти өткөрүү үчүн 3 ай даярдандык.

Учурда мен Ошто, Сайкал Бишкекте жалпы 8 кызды тарбиялап жатабыз. Кыздардын жеген-ичкени, жашаган жери бекер. Мындай шартты бир гана биз түзүп беребиз", - дейт Гүлшайыр Садыбакасова.






350 кызды тарбиялаган "Кыз-Бурак" 40 жылдык юбилей концертин өткөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
10.11.2019. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жыл сайын эле кырк жылдыгын белгилей беришеби??
10.11.2019. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы игилик каалйбыз.
10.11.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кенже эже болсо коркун ачмак. Негизи Кыз-Буракта эмнеги коп ал эженин.
11.11.2019. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Glucke,Туура. Урушуп кеткен болсо дагы чакырып коюшса болмок. Эмгегин эл билет да. Эми Толик сынчынын пикирин кутобуз
11.11.2019. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азыр кыз-бурак мурдагыдай эмес
11.11.2019. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен эле кутком ушул концерт аркылуу жарашып чыгып калат десем элдин баары эле кутконго Кенже эжекебизди.
11.11.2019. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже жаш Гулшайырдан,озу барып кечирим сураш керек.Жарашпаса аны чакырганда да келбейт болчу,кантип ошончо тытышып алып,анан концертке келип ырдасын?
11.11.2019. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туурай айтасын Кенже келип кечирим сураш керек болчу канткенде да Кенженин ырчы болушуна Гулшаир эженин салымы чоң.
11.11.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчыдан баш айланат го. Эжеке эми болду кыз-бурак деп эле жылдан жылга болбогон топторду дурболон кылбай. Уже заман башка, музыка да озгорду. Сайкалды эле продюссердик комок кылып остурунуз. Фадеев сизге улгу катары кадам жасады.
11.11.2019. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кенже кеткенден бери Кыз бурактан дайын жок,Гулшайыр эже моюнга алгысы келбей эле калп эле жылда курам топтомуш болуп журот.Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска деген ушу да.Гулшайыр эже мыкты болсо канакей Кыз Бурак?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: