Декларация: ЖКнын депутаты Курмантай Абдиевдин Тойота Прадо жана ГАЗ-53 автоунаалары бар

ЖКнын депутаты Курмантай Абдиев 2012-жылы 925 миң сом маяна алса, 341 916 сом кошумча киреше тааптыр. Депутат 8 гектар жер тилкесине жана 1 үй, көп жылдык өсүмдүк багына жана кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрүнө ээлик кылат (аянттары көрсөтүлгөн эмес). 2007-жылы чыгарылган Тойота Прадо жана 1989-жылы чыгарылган ГАЗ-53 унаалары да бар. Абдиев тапшырган декларациясында жакындарынын бир батиринен башка кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берген эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
Рейтинг:
0

