Бишкекте IT багытында билим берүүчү лицей курулат














Бүгүн, 11-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылына IT тармагына багытталган лицейдин имаратынын пайдубалына капсула салынды.
Саамалыкка Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Оморов, окутуу жамааты, жергиликтүү тургундар жана Катар мамлекетинин өкмөтүнүн атайын өкүлдөрү катышты. Иш-чарага келгендер лицейдин имараты ак жолтой болуп, анда билим ала турган жаштардын келечеги кең болуусун каалап, тилек кылышты.
Аталган билим берүү мекемеси социалдык жактан колдоого муктаж өспүрүмдөргө билим берет жана мамлекет өз жарандарына камкордук көргөн программаларынын бири болуп саналат. Имарат Катар кайрымдуулук фонду "QATAR CHARITTI" тарабынан жана Билим берүү жана министрлигинин колдоосу менен курулат. №47 кесиптик лицейдин базасында боло турган окуу жайдын ачылышы 2020-жылга пландалган. Аталган лицейдин директору Бакыт Кыдыралиев.
Аталган лицей 120-150 студентке ылайыкталып, окуу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Бул Кыргыз өлкөсүнө курулган алгачкы маалымат-технология багытындагы лицей болуп эсептелинет. Эми өлкөнүн жети дубанына Катар кайрымдуулук уюмунун долбоорунун негизинде IT тармагындагы лицейлерди куруу пландалууда. Бул лицейде окуган студенттерге жөндөмдүүлүгүнө жараша стипендия берилет. Ал эми бүтүрүүчүлөр окууну аяктагандан кийин эл аралык стандартка туура келген документ алышат.
Окуу жай төмөнкү адистиктер боюнча билим берет.
- Компьютердик сабаттуулук;
- Компьютердик жана кеңсе эмеректерин оңдоп-түзөө боюнча адис;
- Интернет технологиясы боюнча адис;
- Веб-дизайнер;
- Системдик администратор;
- Локалдуу түйүндөр боюнча администратор.
Дастанбек Жумабеков: "IT технология багытындагы заманбап имарат салынат"
Нурлан Оморов: "Азыр баары IT тармагы менен тыгыз байланышкан"
