Өрт чыккан тез тамактануучу жайды иштеткен жаран үй камагына чыгарылды
8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыккан. Ал эми аталган жайды ижарага алып иштеткен жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тарабынан билдирди.
Маалыматка ылайык, чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.
“Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган. 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жабырлануучулардын тизмесин жарыялап, абалы тууралуу маалымат берди. Анда 3 жабырлануучу ооруканадан чыгарылса, 7 бейтап дарылануусун улантып жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
altyn-kumush

11.11.2019. 11:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өрт коопсуздугун сактоо боюнча бардык талаптарга жооп бербеген майда чакан тез тамактануучу жайларды жаптыруу зарыл. Мындай кырдаал кайра кайталанбашы үчүн чара көрүү абзел.
Absamat-90

11.11.2019. 11:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул деген кырсык да.Газ балондун атылып кетуусун ал кайдан билсин.
Erik2018

11.11.2019. 11:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
техника безопасность дегенди ар бир ишкер сакташ керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.