super.kg logo

ЖЭБ соту: "Улуттук энергетикалык холдингдин" топ-менеджери Салайдин Авазов сурак берди

 

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда "Улуттук Энергетикалык холдингдин" топ-менеджери Салайдин Авазов сурак берүүдө.

Жактоочу Авазовго: "Мамлекеттик айыптоочулардын сизди 2016-жылы Кыргыз өлкөсү үчүн пайдасыз болгон "TBEA" компаниясы менен келишим түзгөн деген айыбына кандай жооп бере аласыз", - деген суроо берди.

"Электростанция" аталган компаниянын кызыкчылыгын колдоо үчүн эч кандай үгүт иштерин жүргүзгөн эмес. Жумушчу топ түзүлүп, долбоор боюнча бардык маселелер ачык-айкын жүргүзүлгөн. ЖЭБди жаңылоо боюнча бардык өкүлдөр катышкан жыйналышта келишимди түзүүгө макулдук берүү боюнча сунуш кабыл алынган. "TBEA" тууралуу чечим кабыл алууда мен генералдык директор катары чечим кабыл алгам. Ал эми Жолдош Назаров боюнча айтсам, анын жасаган иштери жамааттык негизде кабыл алынып турган. Ал камалса, анда ЖЭБдин бардык кызматкерлерин камаш керек эле" , - деди ал.

Сурак учурунда Авазовго судья жана мамлекеттик айыпталуучулар бир суроого үч жооп болуп жаткандыгына байланыштуу эскертүү берди. Мурдагы өкмөт башчылар "Расмий тилде сүйлөө оор болуп жатса, кыргызча өз сөзүңүз менен айта бериңиз да" , - дешти.

Ал эми Исаков Авазовго "Тергөөдө газ-турбиналар үчүн сарпталган 2200 миллион доллар тууралуу сөз болду. Сиз ушул каражатка байланыштуу кандайдыр бир документ көрдүңүз беле?", - деген суроосуна Авазов: "Мен иштеп турган убакта 2200 миллион долларга байланышкан бир дагы документ көргөн эмесмин" , - деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖЭБ иши боюнча учурда абакта отургандар кандай гана айла-амал кылбасын жоопкерчиликтен эч кайда качып кете алышпайт! Как ни крутите вы все как мышка в колесе!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: