super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "2020-жыл олимпиадалык жыл, анан эмне себептен 2018-жылга караганда каражат аз бөлүндү?"

 

"2020-жыл олимпиадалык жыл, анан эмне себептен 2018-жылга караганда каражат аз бөлүнүп жатат?", - деп бүгүн, 11-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов суроо салды.

"Спорт тармагы тууралуу маселе көтөргүм келет. 2018-жылы 966 миллион сом каражат каралган. 2019-жылы 919 миллион сом, ал эми 2020-жылы 946 миллион сом каралууда. 2020-жыл бул олимпиадалык жыл болуп жатат, анан эмне себептен 2018-жылга караганда каражат 20 миллионго аз бөлүнүп жатат?

Спорт агенттигинин жетекчисине айтарым, өспүрүмдөргө болгон көз карашты өзгөрткүлө, себеби алар резервде турган жаш спортчулар. Эртең ошолор келет, бүгүн аларга көңүл бурулбай жатат. Мен олимпиадалык жылга дагы 50 миллион сом кошуу керек деген пикирдемин", - деди Жамалдинов.

Буга өкмөт башчы: "Эске алынат, каражат кошулат", - деди.

Буга чейин Токио-2020 Олимпиадасына Айсулуу Тыныбекова, Денис Петрашов, Юлия Андреева, Атабек Азисбеков жолдомо утуп алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: