"Жадакалса дүйнөдөгү кичинекей адамдар да мааниге ээ". Экоактивист Грета Тунбергдин жаңы китеби чыкты
Экоактивист Грета Тунберг жаңы китеби чыкканын айтып чыкты. Щвециялык 16 жаштагы жаш экоактивист Грета Тунберг 11-ноябрда америкалык китеп дүкөндөрүндө "Ар бири кырдаалды өзгөртө алат" аталышындагы китебинин пайда болорун айткан. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыккан.
Маалыматта жазылгандай, "Дүйшөмбү күнү менин китебим АКШда жарыкка чыгат. Бул басылмада Грета Тунбергдин көп сандаган пикирлери жазылган", - деген ал. Жакынкы аралыкта китеп башка тилдерге которулуп, башка өлкөлөрдө дагы чыгарын баса белгилеген. Ал китептен түшкөн каражатты кайрымдуулук иштерине жумшоону пландап жатканын кошумчалаган. 2019-жылдын июнь айында экоактивисттин сөзү жыйнак болуп англис тилинде, андан соң немис тилинде жарыкка чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.