Билим берүү министри чек арада жайгашкан мектептердин абалынан кабар алды






Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 8-9-ноябрь күндөрү жумуш сапары менен чек арада жайгашкан мектептерде: Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү "Максат" орто мектебине, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү №3 эксперименталдык гимназияга, Баткен районунун Самаркандек айылындагы курулушу жүрүп жаткан Ж. Момунов орто мектебине жана Баткен шаарындагы мектеп-гимназиясына, Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Ж. Байжигитов атындагы орто мектептерине барып, алардын абалынан кабар алды.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Министр сапардын жүрүшүндө чек арага жакын аймактагы мектептердин окуу-тарбия иштери, билим берүү инфраструктурасы менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, көйгөйлүү маселелерин угуп, алардын суроолоруна жооп берди", - деп айтылат маалыматта.
Министр мектептердин абалы менен жеринде таанышып, айыл мугалимдери менен пикир алышып, алардын сунуштарын угуп, окуу процессине колдонуу үчүн технологияларды, окуу жана адабий китептерди белекке берди.



1 |