super.kg logo

ЖЭБ соту: Салайдин Авазов: "Сапар Исаковго, Айбек Калиевге карата берген каршы көрсөтмөлөрүмдөн расмий түрдө баш тартам"

 

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда "Улуттук Энергетикалык холдингдин" мурдагы топ-менеджери Салайдин Авазов сурак берүүдө.

Мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев: "ЖЭБди модернизациялоодо министр катары сизге басым жасадым беле?", - деген суроо берди.

"Мурун өлкөдө көп ири долбоорлор ишке ашпай калчу. Ошондуктан ЖЭБди модернизациялоодо убакыттан уттурбаш керек эле. Чечимдер тез арада кабыл алынбаса, Кытай тарап жеңилдетилген насыя берүүдөн баш тартмак. Эгер ЖЭБ ошол жылы жаңыланбаса, жылуулук тармагында коллапс жаралмак. Андыктан мурдагы өлкө башчыдан тарта бул долбоорго тиешелүү адамдардын бардыгы оперативдүү иштөөгө далалат жасашкан деп ойлойм. Биз баарыбыз Саммитке чейин бул долбоорду ишке ашырганга аракет кылганбыз", - деди Авазов.

Мындан тышкары, Айбек Калиев: "Мага карата сиз ар дайым жолугуп, ЖЭБ боюнча тапшырмаларды берип турган деген көрсөтмө бериптирсиз, ошону негиздеп бере аласызбы?",- деген суроосуна Авазов: "Тергөөнүн алгачкы сурактарында эмоцияга алдырып, айрым жагдайлар тууралуу туура эмес өңүттө көрсөтмө бергем. Бүгүн Калиевге жана Исаковго берген каршы көрсөтмөлөрүмдөн расмий түрдө баш тартам", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
11.11.2019. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев ушунчалык эле таза болгон болсо, кээ бирлер айтып жаткандай парламент кылган болсо, анда эмнеге ошол кездеги президент Атамбаев кол коюп берди?! Парламент колдогон болсо да, президент кол койбой койсо болот
11.11.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыры ачуу чындыктар айтыла баштады. Тактап айтсак, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өтүп жаткан сот процессинде чындыктар айтыла баштады.
11.11.2019. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
карга карганын көзүн чукубайт бүгүнкү айтканынан эртең кайта берет бул уурулар
11.11.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун ТЕЦ боюнча Сооронбай Жээнбековтор жооп беришпейт. Жээнбековтордун коом алдында тоодой күнөөлөрү бар турса дагы унчукпай жүрүшөт.
11.11.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
yrmat88, ошону айтсан тим эле суттон ак кылып корушот. Соке дагы Асылбек дагы ушуга чейин чон кызмат элешкен демек алар да куноолу анкени убагында тревога кылышкан эмес.ЖЭБ бойунча ызы чуу башталганда Асылбек дагы Соке дагы оозуна талкан тыгып алып унчукпай олтурушпады беле.
11.11.2019. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
TalaCSKA, они тут причем? Курировал Сапар, контролировал АША, помогали Сатыбалдиев и Калиев
11.11.2019. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
yrmat88,былжырабачы! Атамбаев балашкасы менен жооп берсин же сен толоп кой 500млн $
11.11.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
yrmat88,бир куноосун айтып кетсен жакшы болмок
11.11.2019. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боло береби ушундай? Демек Авазов тергөөдө жалган көрсөтмө берген. Өзүн соттош керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: