super.kg logo

Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон жерде табылган унаанын консулдук номери боюнча маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги тактап жатат

 

"Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгону бүгүн түрк басылмалары аркылуу маалым болду. Анда жайылтылган фото-видеолордо жолдун боюна токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа да бар. Жашыл түстөгү номердик белгиде ак түс менен жазылган мындай номерлер консулдуктарга тиешелүү болуп саналат.

Бул маалымат боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, анын өкүлү бүгүн эртең менен Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулуна билдирүү жөнөтүлгөнүн билдирди. "Бирок тийиштүү маалымат келе элек" деди басма сөз кызматынан Уланбек Дыйканбаев.

Буга чейин Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан кетер алдында Тышкы иштер министрлигиндеги бир топ былык иштерди атап өтүп, анын катарында элчиликке катталган дипломатиялык номурду малайзиялык жаран алып жүргөнүн ачыктаган.








Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон жерде табылган унаада консулдук номер тагылган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.11.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши ким эле озу? Суроту барбы же аты жонунон башкасы белгисизби?
11.11.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам акча менен эч ким алыс барбайт!муну Атамбаев эле заказ менен жок кылды. Болбосо кимге куя келип атыптыр муну жок кылуу. Атамбаевдин иши боюнча негизги кубоолордун бири болмок
11.11.2019. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
altyn-kumush, Негизи бул адамдын аты Азаттыктын иликтоосундо Матраимовдордун акчасын ушул киши аркылуу которулду деп журотго? Атамбаевдин кандай тиешеси болуп жатат?
11.11.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пархати Атамбаевдин, Саймати Раимдин өнөктөшү эски бийликтегилердин акчаларын жашырган шылуундар
Erik2018 түзөттү 2019-11-11 19:14:38
11.11.2019. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеп эле шефинерди пиар кыла бергиле, шайлоо келатат да, бир аз жакшы жанылык болсо эле кошуп шайлоочу чогултуу максатынар
11.11.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Какой-то китаец олсо биздикилер чуркап журот , кыргыз болсо экен ызылдаса, акчасы коп адамда териштирмиш болот, авторитетный бизнесмен экенин баары билет олгон болсо уже олду кыргыз эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: