Жаңы Зеландияда жылдын мыкты канаттуусу аныкталды

Жаңы Зеландияда 2019-жылдын мыкты канаттуусун аныкташты. Добуш берүү аркылуу 85 талапкердин арасынан 12 миң добуш менен сары көздүү пингвин утуп чыкты.
Мындай иш-чараны өткөрүүнүн максаты - сейрек кездешүүчү жана кырылып бараткан канаттууларга көңүл бөлүү. Сары көздүү пингвин учурда жоголуу коркунучунда турат жана көбөйүүсү кескин азайган. Мындай кыскарууну токтотпосо, Жаңы Зеландия тарапта 10-30 жылдын ичинде сары көздүү кооз пингвиндердин жок болуп кетүү коркунучу бар.
Кызыгы, жылдын мыкты канаттуусун аныктоо алдында кандидаттардын атайын штабдары түзүлүп, жактоочулары плакаттар менен шаарга чыгып, үгүттөө жүргүзүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.