super.kg logo

Ысык-Көлдө спирт ичимдигин ичип отурган эки жаран уруша кетип, бирөө каза болду

 

Ысык-Көл облусунда эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрь күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 34 жаштагы жаран бычактан алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталган.

Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 51 жаштагы Каракол шаарынын тургунун кармашкан. Ал окуя болгон күнү каза болгон жаран менен бирге спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо уруш чыгып, андан соң аны бычак менен сайып салганын алгачкы көрсөтмөсүндө айткан. Шаардык сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: