Борбор калаадагы тез тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат
Борбор калаадагы тез тамактануучу жайлардын биринде катталган кырсыктан кийин тез татым жайлары текшерүүгө алынмай болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык мэрияда өткөн жыйында биринчи вице-мэр 18-ноябрга чейин тез тамактануучу жайларда, социалдык мекемелерде, мектеп жана бала бакчаларда өрт коопсуздугун күчөтүү боюнча план-программаны иштеп чыгууну тапшырды. Мындан сырткары, бул сыяктуу тамактануучу жайлар текшерүүгө алынмай болду.
Өткөн аптанын 8-ноябрь күнү Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Антошка" тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, өрттөн 12 адам жабыркаган, алардын арасында 3 бала бар. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен Шаардык балдар ооруканасына, 9 адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бүгүнкү күндө ооруканада 7 бейтап тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Дарыгерлердин айтымына караганда, эки жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда.








1 |