Бишкек мэриясы: "Коомдук транспорттогу электрондук билет" долбоору ишке ашса, пенсионерлердин карточкалары жоюлат"

Бишкекте коомдук унаада жүрүү үчүн электрондук билеттерди колдонуу 2020-жылдан баштап жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
SUPER.KG порталына пенсионерлер: "Жакындан бери коомдук унаада жүрүү үчүн электрондук билет колдонула баштайт экен. Бул учурда биздин пенсиондук карточкалар кандай болот. Биз дагы билет алышыбыз керекпи?", - деген суроо менен кайрылышкан.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан байланышып, билип көрдүк.
"Бул систем 2020-жылдан баштап ишке киргени турат. "Коомдук транспорттогу электрондук билет” системин ишке киргизүү боюнча тендерди Швейцариянын "BPC" компаниясы утуп алган. Анын алкагында банктык эмес төлөм карталарынын үч түрү чыгарылат. Алар: 1.Унаада акысыз жүрүү үчүн карталар категориясы; 2.Окуучулар үчүн жеңилдетилген карта; 3.Кадимки жеңилдиктери жок төлөм карталары. Бул карталар бири-биринен аталышы жана дизайны менен айырмаланып турат. Ошентип пенсионерлер үчүн атайын жеңилдетилген категориядагы карталар чыгарылат. Компания социалдык фондко сурам жөнөтүп, пенсионерлердин жана жеңилдетилген категория берилчү адамдардын маалыматын тактоодо”, - дешти мэриядан.
Маалым болгондой, “электрондук билет” системи 2020-жылдын февраль айынан баштап кичи автобустарда дагы иштеп баштайт.

