Орусиядагы кыргыздар Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата юбилейлик медаль чыгарышты





Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата юбилейлик медаль чыгарылды. Бул тууралуу кечээ, 11-ноябрда өткөн маалымат жыйынында айтылды.
Медаль уюштуруу комитетинин демилгеси менен Орусияда эмгектенген мекендештер жана "Улуттар аралык кызматташтык ассоциациясынын" президенти Жыргалбек Белековдун колдоосу менен чыгарылган.
Турдакун Усубалиевдин кыргыз тарыхындагы орду өзгөчө экенин белгилеген Белеков төмөндөгүлөргө токтолду.
"Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар Кыргыз өлкөсүндө гана эмес, Москвада, Питерде, Екатеринбургда жана башка шаарларда эл аралык деңгээлде өттү. Бул нерсе Орусияда иштеп, окуп, жашап жаткан мекендештерибиз үчүн абдан маанилүү. Себеби Турдакун Усубалиев 1998-жылы чет өлкөдөгү мекендештерибизге жолугуп жатып "чет жакта жүрөсүңөр, бөтөн элде эч качан бөлүнбөгүлө, урууңарга, жериңерге карабай бири-бириңерге колдон келген жардамыңарды берип тургула" деген аталык сөзү көбүнүн эсинде калыптыр. Мындан тышкары, ал кишинин көп насааттарын угуп келгенбиз. Демек, анын жетекчилик гана эмес адамдык сапаты дагы бийик болгон. Мына ошондуктан атабызга арнап бул жогорку сапаттагы юбилейлик медалды чыгардык. Учурда Орусияда жүргөн мекендештердин кыргыз элине болгон саламын дагы айта кетейин", - деди ал.



1 |