Төкмө акын каза болгон жол кырсыгында бир жүргүнчү аман калган. Анын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө эс-учун билбей жатат
Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу каза болгон жол кырсыгында 20 жаштагы жүргүнчү аман калган. Жабырлануучунун абалы оор экенин тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"20 жаштагы бейтап баш мээсинен жаракат алып, Кочкордогу аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы оор, эс-учун билбей жатат. Ага жасалма дем алдыруучу аппарат туташтырылган", - деди маалымат кызматынан.
11-ноябрда төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болгону маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:
Жеңил унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган А. уулу Ж.;
2000-жылы туулган Ж. уулу К. Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын тургуну (жүргүнчү);
1993-жылы туулган Акжолтой Канатбек уулу (жүргүнчү);
1994-жылы туулган Канатова Изаард Саламатовна (жүргүнчү). Акжолтой Канатбек уулунун жубайы.
Ал эми аман калган жүргүнчү Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган А. Ы. аттуу тургуну болгон.

