Депутат: "30 пайыздык квота бул теңчилик эмес. Мандатын тапшырган аялдын ордуна аял депутат келиши керек"

"Отуз пайыздык квота бул теңчилик эмес" деп бүгүн, 12-ноябрда ЕККУУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлгөн тегерек столдо депутат Айсулуу Мамашева журналисттерге билдирди.
"Жаңы мыйзам боюнча айтып кетсем, 30 пайыздык квота боюнча практикада аял киши жергиликтүү кеңештин депутаты болуп келгенде, аны тизмеден чыгарып койгон учурлар көп болгон. Ал эми жаңы мыйзамга ылайык, биз ар бир айымдын укугун коргоп, айымдын артынан айым келиши керек деген нерсени киргизип жатабыз. Менин пикиримде, 30 пайыз бул теңчилик эмес.
Бүгүнкү күндө бир гана Саруу айылдык кеңешиндеги аялдардын саны 43 пайызды түзүүдө. Биз Саруу айыл кеңешиндеги даража менен аябай сыймыктанабыз. Менимче, айымдардын саясий эрки болсо, биз туруп бере алабыз", - деди ал.



1 |