Футбол боюнча Кыргыз-Япония беттешинин билеттери сатылып бүттү

Футбол боюнча Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргыз өлкөсү менен Япониянын беттешинин билеттери сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти. ⠀
"Кыргыз-Япон беттешинин билеттери сатылып бүттү. 14-ноябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо боло турган беттешти көрүүчүлөрдүн саны арбын. Тилекке каршы, биздин стадион беттешти көргүсү келген күйөрмандардын баарын батыра албайт. Андыктан кошумча фан-зона уюштурулат. Бул тууралуу дагы кенен маалымат беребиз", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле стадион беттештен 2 саат мурун ачыларын жана күйөрмандардын кечикпей келишин эскертишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
max-bek

12.11.2019. 20:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алып сатар чайкоочулар алып койду болуш керек. Эми мин сомдон сатышат.
Tyty1990

12.11.2019. 20:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өткөндө Мьянма менен оюнда 400 сомдон талап кетишкен. Мен да бирди алып кирдим таблонун астында эң четки билет тийиптир
Tyty1990 түзөттү 2019-11-12 20:48:41
TalaCSKA

12.11.2019. 20:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен 19 сектор алайын дегем 4 жана 19 сектор билеттер сатыкка чыга электе эле жок калыптыр муну кандай тушунсо болот?бул эмне деген куйормандарды сыйлабастык! спекулянттар жерге кирип кеткилечи! айла жок 18 сектор алдым.14 число барам эгер кочодо 19 жана 4 сектор сатып жатышканын корсом баштарын жулам!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.