"Кыргызстандын 2004-жылдагы мыкты футболчусу" Эмил Кенжесариев ооруканада комада жатат
"Кыргызстандын 2004-жылдагы мыкты футболчусу", учурда казакстандык “Актобе” футбол командасынын коргоочусу Эмил Кенжесариев Алматы шаарындагы ооруканалардын биринде комада жатат. Маалыматты казакстандык ММКлар жарыялашты. Ал 10-август күнү мушташта башына катуу сокку алган. Бул иш боюнча Алматыда кылмыш иши козголду. Айта кетсек, Э.Кенжесариев Кыргызстанда төрөлүп өскөн. 2004-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу деп табылган. Кыргызстан курама командасынын курамында 3 оюн өткөрүп, бир гол жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















