super.kg logo

Бишкекте унааларды урдоого шектелип 25 жаштагы жаран кармалды

 

Бишкекте 25 жаштагы жаран унааларды уурдап жүргөн деген шек менен кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан шектүүгө карата соттун камакка алуу чечими чыкканын билдирди.

"Ушул жылдын 20-октябрында Свердлов РИИБине шаар тургуну Т. А. арыз менен кайрылган. Арыздануучу Бишкектеги Салиев көчөсүндөгү үйүнөн белгисиз жарандар Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын айдап, белгисиз тарапка качып кеткенин маалымдаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары 1994-жылы туулган Н. Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш ишинде кармалган жарандын мындан башка дагы 3 кылмыш ишине тиешеси бар болуп чыккан.

Свердлов райондук соту бул ишти карап чыгып, шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарып, ал СИЗО-1ге киргизилди", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: