Волейбол боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз курама командасы Ооганстанды жеңди

Бангладеште өтүп жаткан волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы аймактык Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 4-турда Ооганстан менен ойноду.
Оюнда кыргыз волейболчулары активдүү болуп, катары менен 3 партияны жеңишти. Жыйынтыгында 3:0 эсебинде жеңишке жетишти. Оюнда "Салам-Алик" командасынын спортчусу Алия Шумкарбекова беттештин мыкты оюнчусу аталды.
Бул жеңиш менен Кыргыз курама командасы тайпада 3-орунга көтөрүлдү. Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз курамасы Бангладеш менен ойнойт.
Турнирдик жадыбал:
1. Непал — 9 упай
2. Мальдив аралдары — 8 упай
3. Кыргыз өлкөсү — 4 упай
4. Бангладеш — 3 упай
5. Ооганстан — 0 упай
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.