super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Конгантиевдин же Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруудан мурун аларды актоо керек болчу"

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Кенжебек Бокоев Молдомуса Конгантиевдин же Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруудан мурун аларды толугу менен актоо керек болчу деген пикирин айтты.

"Коомчулукта эмнелер талкууланып жатканына да көңүл буруу керек. Акыркы учурда Молдомуса Конгантиев жана Курманбек Бакиевдин ысымдары көчөлөргө берилгени катуу талкууланды. Алардын ысымын көчөгө ыйгаруудан мурун аларды толугу менен актоо керек да. Алардын ысымы көчөгө берилгени үчүн алар күнөөлү эмес да", - деди эл өкүлү.

Октябрь айында борбордогу жаңы конуштардын бириндеги көчө мурунку ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилген. Бирок коомчулуктагы кызуу талкуулардан кийин ал көчөгө башка ысым ыйгарылган. Ал эми 8-ноябрь күнү Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы маалым болгон. Анда айыл тургундары өз каалоосу менен көчөгө Бакиевдин ысымын ыйгарып алганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: