super.kg logo

ЖЭБ соту: Соттук отурумда Кытай берген насыясына карата бир дагы мамлекет өз талаптарын коё албастыгы айтылды

 

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Жолдош Назаров сурак берүүдө. Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочулары менен судьянын ортосунда кайым айтышуу орун алган. Исаков судья отурумга ишке тиешеси бар күбөлөрдүн келишин камсыз кыла албаса, иштен баш тартуусун талап кылган. Мындан соң судья кеңешүүгө чыккан. Андан келгенден кийин, өтүнмө негизсиз экенин айтып, отурумду улантты.

Жолдош Назаров: "Тергөө мени иштин алкагында, сурактан өтүп жаткандардын арасынан Авазов менен гана байланыштырыптыр. Албетте, Авазов менин түздөн-түз жетекчим болгон да. Ошондо дагы экөөбүздүн ортобузда эч кандай жең ичинен сүйлөшүп алуу болгон эмес. Анткени келишим күчүнө кирген убакта мен ал жумушта иштебей калгам. Эгер мага карата коррупция беренеси боюнча коюлган күнөө жоюлса, күнөөмдү жарым-жартылай моюнга алууга даярмын. Анткени ЖЭБге байланыштуу келишимдин алкагында каттарды даярдап тургам. Бирок ошол мен кызмат өтөгөн жылдары гана", - деди.

Жактоочу: "ЖЭБди модернизациялоого компанияны тандоого сиз таасир бере алмак белеңиз?", - деген суроо салды.

"Кытай тарап жеңилдетилген насыя берип жаткандан кийин, өз талабын койгон. Талабында компанияны алар сунуштаган. Компанияны тандоого мен эмес, мамлекет таасир бере алган эмес. Кичинекей Кыргыз өлкөсү эмес, Кытай насыя берген бир дагы мамлекет өз талабын кое алмак эмес", - деп жооп берди Назаров.

Мындан тышкары, отурумда ЖЭБди модернизациялоо менен "TBEA" компаниясы бири-биринен ажырагыс компоненттер болгондугу кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.11.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чача Мачаны токтотуп уурдаган 111млн доллар акчаны кайтаргылачы Сайпал уже
13.11.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖЭБди жеген Сапар менен Айбек көбүрөөк күнөөлүү. Алар ашанын заказын алып акчаны бөлүштүрүп калган акчаны модеринизацияга жумшаган. Экс түрмөдө жатып алып буларды өзүнө чакырып жаткан сыяктуу.
13.11.2019. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушинтип эле убакытты созо берет экен да булар! Цирктин ойунчулары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: