super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Оппозициялык фракциялардын лидерлери өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылышты. Өкмөттү отставкага кетирүүгө азыр негиз барбы? Шыкмаматов: "Өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси колдоо таппайт"

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык фракциялардын лидерлери өлкөдө кылмыштуулуктун саны өсүп жатканын айтып, өкмөттү сынга алышты. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт отставкага кетип, жаңы коалиция түзүлүшү керектигин билдирди. Ал өлкөдө көйгөйлөр абдан көп, жоопкерчилик жок болуп жатканын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Оппозициялык фракциялардын лидерлери өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылышты. Өкмөттү отставкага кетирүүгө азыр негиз барбы?" деген собол салды.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси колдоо таппай турганын белгиледи.

"Менин оюмча, бул сунушту күн тартибине коюп, өткөрүү кыйын. Көпчүлүк коалиция урабайт. Ага негиз деле жок. Өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси колдоо таппайт. Анткени көпчүлүк премьер-министрди колдоп жатышат. Экономиканын абалы жакшы эмес, инвестиция жок, импорт экспорттон үч эсе көп. Кадрдык баш аламандык, мамлекеттик карыз чачтан көп болуп жатат. Айтор, макроэкономикалык көрсөткүчтөр өтө начар", - дейт Шыкмаматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: