super.kg logo

Ош драма театрынын актрисасы Нурила Алимбаева каза болду

 

13-ноябрга караган түнү Ош улуттук драма театрынын актрисасы Нурила Алимбаева узакка созулган оорудан улам 41 жашында каза болду. Бул кабарды ырчы, актриса Венера Назаралиева SUPER.KG порталына тастыктады.

"Нурила менен 2001-жылдан бери Ош улуттук драма театрында чогуу иштедик. Ал театрдын көзгө басар, белдүү актрисаларынын бири эле. Нурила эки жыл мурун тун кызын төрөгөн эле. Төрөттөн кийин залалдуу шишик дарты козголгонун уктум. Нурилага бир жума мурун эле телефон чалып, "ооруп жатыптырсың, барайын дегем" десем, "Ким айтты ооруп жатат деп?! Абалым жакшы эле. Дарыланып жатам" деп оорусун жашырып койгон экен. Сүйлөшкөндөн кийин түшүмө кирди. Түшүмдө каза болуп калган экен. "Өмүрү узун болот экен" деп жооруп койгом. Бүгүн эртең менен турсам, кесиптештерим чуу түшүп калышыптыр. Аябай жаман болдук.

Нурила "Арман", "Аялдык бакыт" жана башка тасмаларда роль жараткан. Экөөбүз спектаклде терс каармандарды ойночубуз. Жүзү терс каармандыкына мүнөздүү болгондуктан, ага ошондой ролду бере беришчү. А бирок ал өзү башкача аял эле... Абдан боорукер, ак көңүл, ашыкча берешен жан болчу", - деп эскерди Венера Назаралиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
13.11.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаткан жери жайлуу болсун
13.11.2019. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Арман деген кинодо жаман аялдын ролун аткарган
13.11.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эко менен торосо керек да
13.11.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун(
14.11.2019. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
2 уй жоготтум эле бир туш коруп бербейсизби.
14.11.2019. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
souza.j, Тамашаны да эптуу жерде айтыш керек.
14.11.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу болсун ,Сен шайыр ото жакшы адам элен коптон бери корбосом да кээде дос кыздар жолукканда сенин жоруктарынды айтып кулуп калчубуз.Эми артында калган кызына бактылуу жашоо ,ден соолук каалайм.Сен жетпеген максат, тилектерге кызын жетсин
14.11.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2002жылы кыздар деген театралдаштырылган пьесада аткарган ролу менен эсимде калыптыр. Укмуш жеткире аткарган таланттуу актриса эле жаткан жери жайлуу болсун...
14.11.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, каап жаш экен, кызы да кичине турбайбы. Жайы жаннаттан болсун,Билип,билбей кылган куноолорун Кудайым озу кечирсин. Чын дуйного кетиптир,Бейиштин торундо журсун. Кыз узатуу тойдо кордум эле аппак элечек,аппак койнок кийип кызды алып кирип, тойду аябай сонун ачып берген болчу,театрдын артисттери баары бир озгочолонуп турушат, да деп эл тамшанган болчу. Омуру кыска экен, Бейишин берсин Аллахым
14.11.2019. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Тенир жаткан жерин жайлуу кылсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: