super.kg logo

Өзгөндө жарандарды коркутуп, баалуу буюмдарын жана акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

 

Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында каракчылык кылып, жарандарды коркутуп, баалуу буюмдарын тартып алып жана акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында Ү. уулу А. өзүнүн кылмыштуу 3 шериги менен Д.Б. аттуу жарандын унаасын айдатып, Салам-Алик айылынын тургуну К.Ч. аттуу жаран экөөнү Кош-Этер айылына алып барышкан. Ал жактан аларды сабап, бычак менен коркутуп, алардын уюлдук телефонун тартып алып, 100 миң сом акча жана жылкы берүүлөрүн талап кылышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "каракчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ошондой эле Өзгөн районунун Жазы айылынын тургуну Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Себеби анын баасы 23 миң 800 сомдук телефонун жана 2000 миң сом акчасын белгисиз жаран алып койгон. Учурда шектүүлөр кармалып, 2 айга камакка алынды. Териштирүү иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.11.2019. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ондору таныштай го озгондо коруп эле жургон балдар го
14.11.2019. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына Акжигитко , адал эмгегинер менен курсагынарды тойгозгону кучунор жетпедиби уяты жоктор.
14.11.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмыштуу топ эмес эле көчөдөгү хулигандар окшойт.Кылмыштуу топ деп жанагы черныйлардын тобун айтышабы ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: