super.kg logo

Жалал-Абадда адам уурдап, анын туугандарынан 20 миң доллар акча талап кылган топтун дагы бир мүчөсү кармалды

 

Жалал-Абадда 28 жаштагы жаранды уурдап кетип, туугандарынан акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Маалыматты Жалал-Абад ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Ушул жылдын 11-февралында саат 17:00 чамасында белгисиз адамдар 28 жаштагы Т. Ф. аттуу жаранды уурдап кетишкен. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучуну Бишкек шаарына алып келип, анын жакындарынан 20 миң доллар акча талап кылышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам урдоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тергөө иштеринин алкагында 2 шектүү колго түшүрүлүп, жабырлануучу туугандарына өткөрүлүп берилген. Бирок кылмыштуу топтун дагы 2 мүчөсү ушул фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын үстүнөн издөө жарыяланган.
2019-жылдын ноябрь айынын башында Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун 1993-жылы туулган М.Ш. аттуу тургуну Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалды.

Кармалган жаран Жалал-Абад ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди маалымат кызматынан.

Адам уурдоого шектүү катары кармалгандардын бири Ош облусунун Өзгөн районунун 20 жаштагы тургуну З.Б. болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.11.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз окуп жургондо шаарлардын, айылдардын, райондордун оз озунчо жазылган аттарын бириктирип жазгыла деген приказ чыкты эле го... Неге азыр аны колдонбой калышты? М: Жалал-Абад дегенди Жалалабад деп
14.11.2019. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуну Билим минис-н сурап,тактап бербейсинерби Супер инфо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: