super.kg logo

ЖЭБ соту: Жантөрө Сатыбалдиев: "Негизги күбөнүн көрсөтмөсү айыптоочу тарапка кызыксыз болсо, биз үчүн маанилүү"

 

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда ЖЭБ боюнча соттук-экономикалык экспертиза жасаган Гүлсара Асанова күбө катары сурак берүүдө. Отурум айыптоочу тарап менен айыпталуучулардын кайым айтышуусу менен өтүүдө.

Мамлекеттик айыптоочулар күбөгө берилген суроолор, анын жасаган ишине тиешелүү болбой жатканын айтышты. Буга мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Асанованын көрсөтмөсү силерге кызыксыз, ал эми биз үчүн абдан маанилүү. Бул жакта биздин тагдыр чечилип жатат", - деди ал.

Ал эми Сапар Исаков: "Сиз УКМКга жөнөтчү төмөндөтүлгөн коэффициент боюнча биринчи катта ката кетиргем дедиңиз. Жана аны жөнөтпөстөн расмий түрдө башка экинчи кат жөнөткөм деп өз сөзүңүз менен айттыңыз. Анда эмнеге кылмыш ишинде сиздин расмий кат эмес, катасы бар кат тиркелип калган?", - деген суроо берди. Буга күбө билбейм деп жооп берди.

Буга байланыштуу Исаков судьяга аталган катты ишке тиркөө боюнча өтүнмө кылды. Судья өтүнмө сурактан кийин каралат деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.11.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми ар кандай шылтоолорду айтуу үчүн Замир Жоошев үйрөткөн суроолорду берип отурат.
14.11.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ойлоп таба бергиле ар нерсени! куураттынар го, 111 млн кайрып бергиле элге
14.11.2019. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
111 млн долларды ордуна койуп койгулачы чача мача дебей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: