super.kg logo

ЖЭБ соту: Жактоочу: "Кылмыш ишинде күмөн жараткан материал болсо, сот жазыксыздык жоромолун бериши керек"

 

Бүгүн,14-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда.

Отурум ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук-экономикалык экспертиза жасаган Гүлсара Асанованын сурак берүүсү менен башталган. Ага карата суроолор аяктап, судья Асанованы отурумдан бошотту. Бирок айыпталуучу тараптын жактоочулары ЖЭБ боюнча негизги күбөнүн жообу аларды канааттандырбаганын билдиришти. Жактоочу Эрнис Сааданбеков SUPER.KG порталына Асанованын көрсөтмөлөрү эмнеге нааразычылык жаратканын айтып берди.

"Асанованын сурагы боюнча дагы такталбаган суроолор калды. Биз тергөөдө бир документтин алмашып кеткенин негиздеп берели дегенбиз. Бул иш кагазы "Төмөндөтүлгөн коэффициентти колдонуу боюнча кат" деп аталат. Бирок суракта аны негиздөөгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Эми мыйзам боюнча иште күмөн санаткан көрсөтмөлөр болсо, анда сот "жазыксыздык жоромолун" колдонушу керек", - деди жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: