Жаш режиссёр Сүйүм Сулайманованын тасмасы Азия кинофестивалында эң мыкты деп табылды




Кыргыз режиссёру Сүйүм Сулайманованын дебюттук "Менин досум - менин душманым" аталышындагы тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгына татыды.
Бүткүл дүйнөлүк Азия кинофестивалы 13-ноябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында өттү. Анда кыска метраждуу тасма сынагында Кыргыз өлкөсү, АКШ, Грузия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Орусия жана башка мамлекеттердин тасмалары көрсөтүлүп, эң мыкты наам үчүн ат салышкан. Жыйынтыгында "Алтын глобус" сыйлыгы Сүйүм Сулайманованын 4 мүнөттүк тасмасына ыйгарылды.
Буга чейин кыргыз режиссёрунун "Менин досум - менин душманым" тасмасы АКШнын Казакстандагы элчилиги тарабынан жыл сайын өткөрүлгөн "48 саатта тартуу" сынагында жеңүүчү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.