super.kg logo

Москвада жоголгон Кыргыз жараны оор абалда ооруканадан табылды

 

Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө 33 жаштагы А.А. аттуу Кыргыз жараны жолдошун издеп жатканын айтып, жардам сурап кайрылган. Арызда жолдошу 1989-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Э.М. аттуу жаран экендиги айтылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15 жылдан бери Орусияда курулушта иштеген Э.М. 2019-жылы октябрь айында өзүнө таандык ак түстүү Ниссан AD үлгүсүндөгү унаасы менен жумушка чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Арыз аймактык полиция бөлүмүндө кабыл алынып, иликтөөнүн жыйынтыгында, 11-октябрь күнү Москва айланма автожолунда (МКАД) 30-35 жаштагы кебетеси азиялык болгон белгисиз жаран табылгандыгы аныкталган. Ал баш мээсинин ачык жаракаты жана башка ар кандай оор жаракат менен Москва шаарындагы ооруканалардын бирине түшкөн. Иликтөө учурунда ооруканадагы жаран жубайы издеп жүргөн Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталган. Учурда бул факты боюнча аймактык укук коргоо органдар тарабынан экспертизалар жүргүзүлүп, жаракат алуунун чыныгы себеби аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.11.2019. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кабарчы жазганыны озун бир ирет окуп чыкчы.Билбейм же мен тушунбодумбу.
14.11.2019. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Издөөдө жүргөн эмес изделип жаткан эмеспи?
15.11.2019. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аялы 33то, куйоосу 30да болсо, эжесиндей бирине куч куйоо болуп уйлонуп алган окшойт ...
15.11.2019. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Losw,мынча эмне ушакчы,майда болосунар кыргыздар,эркексинби сен деги??
15.11.2019. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Losw,бул жакта адамдын өмүрү жөнүндө сөз болуп жатса сиз жашын эсептеп жүрөсүз го
15.11.2019. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
33 30 москвачылык болсо керекта
15.11.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо 15 жашында келген болобу Москвага
15.11.2019. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфонун граматикасы такыр кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: