Ырчы Ислам Акматов периштесине үйлөндү

Бүгүн, 14-ноябрь күнү ырчы Ислам Акматов сүйүктүүсүнө баш кошту. Бул маалыматты ырчы Айгерим Эшим тастыктады.
"Бүгүн кесиптешибиздин тою сонун өтүп жатат. Коноктордун 60 пайызы шоу-бизнес өкүлдөрү. Биздин "Чүйлүктөр ынтымагы" деген шеринебиз бар. Анда Ырыскелди Осмонкулов, Курал Чокоев, Адилет Азимов, Назель жана башкалар бар. Шеринелештер байкебиздин жакшылыгына аябай кубанып жатабыз. Ислам менен жубайы Оксананын таанышкандарына 1 жылдай болуптур. Эки жашка бүгүн айтылган баталардын баары кабыл болсун", - дейт ырчы Айгерим Эшим.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Кичине кезимде укканлем периштем деген ырын азыр уже эки балалуу болдумго мен
Жанындан кеталбай байланам
Деп ырдайт болчу бул ырчы.