Оңолот деген ушул. "Тазалык" ишканасы футбол күйөрмандарына рахматын айтты







"Ак шумкарларды" колдоо үчүн келген футбол күйөрмандары эски аянттагы тазалыкты сактап, таштанды таштаган эмес. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирүү жасады.
"Футбол аяктагандан кийин эски аянт таптаза бойдон экен. Биздин кызматкерлер бир аз аймакты шыпырды. Таштанды дээрлик жок экен. Таштандыларды контейнерлерге салганыңыздарга чоң рахмат! Тазалык үчүн рахмат!" - деген басма сөз катчы.
14-ноябрда кыргыз футболунда тарыхый окуя болду. Бишкекте Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Азиянын 4 жолку чемпиону Япония менен Кыргыз өлкөсү беттешип, оюн 2:0 эсебинде аяктады.
Оюндун билеттери сатылып бүткөндүгүнө байланыштуу күйөрмандар үчүн эски аянтта чоң экрандан мелдешти түз алып берүү уюштурулган. Анда "Тазалык" муниципалдык ишканасы таштандылар үчүн контейнерлерди орнотсо Футбол федерациясы 20 биодаараткана орноткон.
















1 |