super.kg logo

Мамлекеттик ЖМКларды бир корпорацияга бириктирүү каралууда

 

Өкмөт бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын бир корпорацияга бириктирүү маселесин кароодо. Бул тууралуу кечээ, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Мамлекеттик басылмалардын чыгымдарын азайтуу сунушун депутат Дастан Бекешев сунуштаган. Ал: "Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 миллионду «Пирамидага», «5-каналга» берип атасыңар. Кийинки жылда 10 миллион 500 миң доллар кетет экен. Ошонун ичинде «Кабар» агенттигине 22 миллион сом, «ЭлТР», «МИР» телеканалдарына 552 миллион сом, журнал-гезиттерге жана коомдук телеканалдарга 80 миллион сом жумшалат экен", - деди Бекешев.

Ал эми вице-премьер-министр бул кыскартылгандан кийинкиси экенин, облустагы гезит-телеканалдар бир медиа-борбор катары түзүлүп жатканын билдирди. "Эми "Кабар" , "5-канал" жана башка мамлекеттик ЖМКларды бир корпорация катары түзүү каралууда", - деди Өмүрбекова.

Маалым болгондой, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов июль айында мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотуу ниетинде экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: