Япон ЖМКлары Кыргыз-Япония беттеши тууралуу: "Чечкиндүү Кыргыз командасы оңой атаандаш болгон жок"

Кечээ, 14-ноябрда Бишкекте Кыргыз курама командасы Азиянын 4 жолку чемпиону Японияны кабыл алды. Оюн 0:2 эсебинде аяктаганы менен үй ээлери көзгө толумдуу футбол көрсөтүштү.
Бул оюнга Япониянын жалпыга маалымдоо каражаттары да өзгөчө көңүл бөлүшкөн. Бул беттешке Бишкекке 50дөн ашык япон журналисттери келишкен.
"Чечкиндүү ойногон Кыргыз курама командасы Такуми Минаминонун голунан кийин гана басаңдай түштү. Бирок оюндун башталышында Алыкулов, Сагынбаевдин соккулары дарбазага таамай болгондо Японияга кыйын эле болмок. Харагучинин голунан кийин дагы үй ээлери чабуулун токтотушкан жок. Майердин чыгарып берген тобу биздин дарбазага кирбей калды. Япония жеңиш жолун улантты", - деп жазат "Japantimes" басылмасы.
"Япония Минамино жана Харагучинин голу менен тайпада идеалдуу көрсөткүч менен бара жатат. Дүйнө чемпиондугуна болгон жүрүшү азырынча 4 оюнда 4 жеңиш. Өз дарбазабызга бир да гол өткөрө элекпиз. Суук Бишкектеги оюнда үй ээлеринин чабуулдарын токтотууга мүмкүн болду", - деп белгилейт "Japantoday".
"Кыргыз курама командасы сол капталдан чабуулдарды уюштургандыктан, Японияга вертикалдуу түрдө чабуул уюштуруу татаалга турду. Харагучинин голунан кийин гана Японияга оюн жеңилдей түштү. Бишкектеги футбол талаасы Япония үчүн оор болду", - деп жазат "Yahoo Japan".
Кыргыз-Япония 0-2



1 |