Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 15 миллиард 745 миллион сом көлөмүндө болжолдонууда
Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети боюнча парламенттик угуу өттү.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 15 миллиард 745 миллион сом көлөмүндө болжолдонулуп жатканы айтылды. "Фонддун 2020-жылдагы бюджетин түзүүчү негизги булактар болуп республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар менен Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрү эсептелет. Ошондон улам, республикалык бюджеттен берилүүчү каражат 10 миллиард 852 миллион сом көлөмүндө, Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражат 2 миллиард 569 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.