super.kg logo

Крымда жүздөй ыктыярчы издеп жаткан 5 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Аны өлтүрүүгө өгөй атасы шектелүүдө

 

Крымда 5 жаштагы Даша Пилипенко аттуу кыз дайынсыз болуп, аны укук коргоо кызматкерлеринен тышкары жүздөй ыктыярчы издеп жаткан. Анын жансыз денеси табылганын орусиялык маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, Дашанын өлүмүнө шектелип өгөй атасы кармалды. Ал тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздын денесин кайда көмгөнүн айтып берген. Ал кызды өлтүргөндөн кийин кылмышын жашыруу максатында аны үйүнөн алыс эмес жерге көмүп салган. Ал кичүү уулун алып башка өлкөгө чыгуу аракетин көргөн, бирок бул ою ишке ашкан эмес. Андан кийин укук коргоо органдарына кайрылып, мен жумуштар менен кетип, кайра келгенде кызым жок экен деп билдирип, издөө иштери башталган. Окуя 12-ноябрда болгон.

Учурда шектүүгө карата кылмыш иши козголгон. Анын өгөй кызын өлтүрүүгө эмне себеп болгондугу такталып жатканы жана тиешелүү экспертизалар дайындалганы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.11.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ото окунучтуу.
15.11.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
5 жашар кызда эмне куноо, эки буттуу айбан дейин десем айбандар да баласын олтурбойт го
15.11.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким деп аташты дагы билбейсин айбан десен айбан дагы кылбайт бул нерсени жаш бала бул периште сыяктуу Аллахым бул периштеге бейиштен орун берсин Амийн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: